Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Бардык адам акысыз кеңеш алууга укуктуу

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Дек 2020 | 594 | 0

COVID-19 маселелери боюнча калкка өз убагында жана квалификацияланган медициналык кеңеш берүү максатында «118» ыкчам байланыш кызматы негизделген. Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун директору Бактыяр Станбековдун айтымында, өлкө аймагындагы бардык адамдар тиешелүү медициналык кеңеш алууга укуктуу.

«Негизи «118» бирдиктүү маалымат номерине кыргыз жарандары гана эмес, бардык Кыргыз Республикасында жашаган этникалык кыргыздар болобу, жарандыгы жок адамдар болобу, же чет өлкөлүк жарандар жана мигранттар болобу, социалдык абалына карабай кайрыла алат. Маалымат борборунун кызматкерлери медициналык кеңештерин берип, тиешелүү жардамдарын көрсөтөт», — деп билдирди жетекчи.

Өлкөдө жашаган же өлкө аймагына кирген адамдар, мейли ал мигрант болобу, же этникалык кыргызбы, же жарандыгы жокпу, эгер коронавирустун кандайдыр бир белгилери байкалса, «103», «118», «112» кыска номурларына чалып, медициналык жана юридикалык акысыз кеңеш ала алат. Кеңеш кыргыз, орус жана англис тилдеринде берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM