Биз менен байланышыңыз

COVID-19дун белгилери байкалган учурда кайда кайрылуу керек?

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Дек 2020 | 950 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында атайын «112» ыкчам мобилдик кызматы ачылганы телефон аркылуу кайрылгандардын ишин тез арада чечип берүү маселелери аздап жөнгө салынды.

Министрликтин алдындагы ыкчам чара көрүү башкы башкармалыгынын орун басары Айбек Картайганов айрыкча коронавирус пандемиясы башталган учурда аталган кызматтын иши бир канча эсе көбөйгөнүн айтат. Ал маалымдагандай, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте иштелип чыккан алгоритимдин негизинде коронавируска байланыштуу суроолорго өз убагында жооптор, кеңештер, тиешелүү жардамдар берилип турган.

«Биздин кызматка бардык жарандар кайрылса болот. Этникалык кыргызбы, мигрантпы, жарандыгы барбы, жокпу, биз аларды бөлбөстөн, баарына бирдей жардам көрсөтөбүз. Бизге кайрылган адамдардын кээ бир суроолору операторлорубуздун компетентүүлүгүнө туура келбей калышы мүмкүн. Андай учурда аларды тиешелүү адистер менен байланыштырып беребиз». 

Аталган кызматтын нөөмөтчүсү Зарема Кайназарова жардам сурап кайрылган ар бир телефон чалуу жоопсуз калбасын билдирип, айрыкча бул кызмат мигранттар, жарандыгы жоктор, этникалык кыргыздар үчүн өтө ыңгайлуу болорун белгиледи.

«Пандемия учурунда байланышкан жарандарга: «Документиң барбы, жокпу, кайсы улуттансың?» деген сыяктуу суроолор берилген жок. Кайрылгандардын баарына бирдей, тегиз жардам көрсөттүк. Эсимде, Өзбекстандан Кыргызстанга жарандыгы жок адам белгисиз себептерден өтүп келген экен. Ал адамда COVID-19дун симптомдору бар болчу. Өзү кайсы аймакта экенин жакшылап айтып бере алган эмес. Биз ошол байланышка чыккан адамдын номерин алып, Республикалык штабга кайрылганбыз. Андан ары бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Чек ара кызматы иш алып барган».

Өлкөдө жашаган же өлкө аймагына кирген адамдар, мейли ал мигрант болобу, же этникалык кыргызбы, же жарандыгы жокпу, эгер коронавирустун кандайдыр бир белгилери байкалса, «103», «118», «112» кыска номурларына чалып, медициналык жана юридикалык акысыз кеңеш ала алат. Кеңеш кыргыз, орус жана англис тилдеринде берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM