Бүгүн, 1-декабрга карата Кыргызстанда COVID-19 илдетинен төрт бейтап каза болду. Жалпы өлүм учурлары 1275ке жетти.
Бир сутка ичинде 371 учур катталып, коронавирус жуктургандардын саны 73 миң 178ди түздү.
1-декабрга карата COVID-19 илдетинен 562 бейтап сакайып, жалпы айыккандар 64 миң 711 адам болду.
Стационарда 2636 бейтап дарыланууда, анын ичинен:
-39 адам канааттандыраарлык абалда;
-1779 орто оордукта;
-694 оор абалда;
-124 өтө оор абалда.
Үй шартындагы дарыланууда 3765 бейтап бар.