Биз менен байланышыңыз

1993-жылы кабыл алынган Конституцияны калыбына келтирүү сунушталды

Кыска кабар | 30 Ноя 2020 | 862 | 0

«Комитет-93» кыймылы 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституцияны калыбына келтирүүнү демилгелөөдө. Бул тууралуу аталган кыймыл бүгүн, 30-ноябрда «Конституциялык кризистен чыгуу жолдору» аттуу жыйында билдирди.

Анда укуктук туңгуюктан чыгуунун бирден-бир жолу катары легендарлуу парламент тарабынан кабыл алынган туңгуч Башмыйзамды киргизүүнү сунуштоодо.

Бишкекте өтүп жаткан тегерек үстөлгө саясий ишмерлер, юристтер, жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда. Уюштуруучулардын пикиринде, алгачкы Башмыйзам кандайдыр бир кызыкчылыкты көздөгөн топтор тарабынан эмес, мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн иштелип чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM