Биз менен байланышыңыз

АКШ Конституция боюнча референдумду жазга жылдырууну сунуштады

Кыска кабар | 29 Ноя 2020 | 1134 | 0

Америка Кошмо Штаттары президенттикке талапкерлердин конституциялык реформа боюнча референдумду жаз мезгилине же андан кийинкиге калтыруу
сунушун кубаттайт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Элчилик жөнөткөн билдирүүдө кыргыз эли өз мамлекетиндеги башкаруу системасы боюнча бир пикирге келүүсү үчүн убакыт берилиши керектиги, Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөр кеңири коомдук талкуудан кийин чечилгени ылайык болору белгиленген.

Ошондой эле эл аралык өнөктөштөр бул жараянга жардам көрсөтүүнү улантышарын, маселен, конституциялык өзгөртүүлөр каралып жатканда Венеция комиссиясы техникалык колдоо көрсөтө аларын маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM