Биз менен байланышыңыз

Сабиров: IT-адистерин даярдоону колго алуу шарт

Кыска кабар | 28 Ноя 2020 | 767 | 0

Вице-премьер-министри Равшанбек Сабиров мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери менен өлкөнү санариптештирүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жетекчилери санариптештирүүнүн алкагында жасалган жана алдыда аткарыла турган иштер боюнча маалымат беришти.

Равшанбек Сабиров: «Учурда дүйнө жүзүндө санариптик технологиялар кеңири колдонулууда. Өлкөнүн маалымат, байланыш мүмкүнчүлүктөрү заман талабына шайкеш келиши керек. Санариптештирүүнү натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн квалификациялуу IT-адистерин даярдоо ишин колго алуу шарт. Ошондой эле калкка кызмат көрсөткөн тармактарды санариптештирүү иштерин улантуу зарыл. Бул өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги жолу».

Вице-премьер-министр санариптештирүү коррупция менен күрөшүүнүн натыйжалуу куралы экенин белгилеп, бул багыттагы иштерди күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM