Биз менен байланышыңыз

Түркия пандемиянын үчүнчү толкунун жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Ноя 2020 | 744 | 0

Түркиянын айрым ири шаарларында коронавирус пандемиясынын үчүнчү толкуну жарыяланды. Бул тууралуу Түркиянын Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа билдирген, маалыматты “Anadolu” агенттиги жазып чыкты.

Министрдин айтымында, COVID-19дун жаңы очогу Түркиянын батышындагы Стамбул, Бурса, Кожаэли, Измир шаарларында катталды.

Фахреттин Кожа: «Түркиянын 15 провинциясында коронавирус илдети катталган жаңы учурлардын саны 50%га жогорулагандыгын белгиледи. Реанимация бөлүмдөрүнүн иши татаалдашкан анын көрсөткүчү Стамбулда 70%, Анкарада — 75,4%ды түздү, Измирде вирусту оор өткөрүп жаткан бейтаптардын саны дагы эле өсүүдө».

Министр — эгер белгиленген чектөөлөр сакталса, оорунун өсүшүн токтотууга болот деп эсептейт. Антпесе,  түрк бийлиги мында да катаал чараларды көрөөрүн кошумчалады.

Алсак бүгүнкү күнгө чейин Түркияда 467 миң 700 дөн ашуун коронавирус инфекциясын жуктурганд катталып, анын кесепетинен 12 800  адам каза тапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM