Биз менен байланышыңыз

29-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт

Коом , Кыска кабар | 28 Ноя 2020 | 1045 | 0

«Кыргызгидромет» борборунан билдиргендей, 29-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

 

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8;

 

Талас жергесинде түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8;

 

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2;

 

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5;

 

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…-8;

 

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -13…-18 градус болот.

 

29-ноябрда Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жааайт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9 күндүз -3…-5 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM