Биз менен байланышыңыз

112 кызматы: Президент, премьер-министрдин Whatsapp номерин сурагандар бар

Коом , Кыска кабар | 27 Ноя 2020 | 1137 | 0

Биздин бүгүнкү чыгарылышыбызда пандемия учурунда элге маалыматтык жана психологиялык жактан жардам көрсөткөн «112» кызматында эмгектенген кызматкерлер күнүмдүк турмушун баяндап беришет.

Зарема Кайназарова көп жылдардан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде эмгектенип келет. Аскер кызматын аркалаган айым өзгөчө пандемия учурунда күн-түн дебей иштеп, канчалаган адамдарга жардамын сунган. Маселен, Өзбекстан тараптан белгисиз себептерден улам Кыргызстандын аймагына өтүп кеткен жарандыгы жок адамга ыкчам жардам көрсөтүлгөн. Ал жумушундагы кыйынчылыктарга карабай, ардактуу кесиптердин бирин аркалап жатканына кубанат.

«Адамдарга жардам бергенден кийин жакшы тилектерин, жакшы ойлорун айтса ичиң жылыйт. Өзүң дагы ыраазысың. «Жакшы жумуш аткардым», — деп сүйүнөсүң. Сөзсүз түрдө милдетиңди аткарууга чыкканыңда бирөөнөн болбосо, бирөөнөн алкыш-бата аласың. Ошол нерсе көнүлдү жылытат. Айрыкча, пандемия учурунда ишибиз көбөйүп, кайрылган жарандардын баарына эле жардам берип жаттык. «Документиң барбы, кыргыз жаранысыңбы?» — деген сыяктуу суроолор берилген жок. Жарандардын баарына бирдей, тегиз жардам көрсөттүк. Тез жардам чакырдык, алардан ПЦР анализ алынды, обсервацияга жаткырылды. Ушул сыяктуу көптөгөн иштерди аткардык», — дейт Зарема Кайназарова.

Кайназарованын жумуштагы милдеттеринин бири ыкчам иш алып баруу болгондуктан, көбүнчө үй ишин унутуп иштегенге туура келет. Ал анын жумушун түшүнүп, колдоо көрсөтүп келген үй-бүлөсүнө ыраазы.

«Жолдошум түшүнөт. Анткени өзү да аскер кызматындагы адам, бир уулубуз бар. Балабыз бизди көрүп: «Чоңойгондо мен да сиздерге окшоп элге кызмат кылам», — деп калат. Ал сөздөрдү угуп, жолдошум экөөбүздүн көңүлүбүз жылыйт».

«112» кызматынын нөөмөтчү-байланышчысы Өктөм Кулмаматов адамдар ар кандай суроолор менен кайрыларын айтат.

 «Биз келишпестиктер болуп жаткан учурда, барып токтотконго жардам берүү максатында биринчиден «102» — милиция кызматы менен байланышабыз. Андан кийин аларга юридикалык жардам керек болгон учурда, бизге атайын юристтер бөлүнүп берилген, алар менен да байланыштырабыз».

Кызыгы, «112» маалыматтык кызматына жардам сурап кайрылгандар менен катар, ар кандай таң калыштуу, күлкүлүү суроолорду берип чалгандар да болот. Мисалга алсак, кээде мындай суроолор берилип калышы мүмкүн:

 «Телефонум бузулуп калды, оңдоп бере аласыздарбы?»

 «Короновирус жугузуп албоо үчүн эт менен жашылчаны кантип куурусам болот?»

«Биз жаңы эле электр энергиясынын акчасын төлөдүк, жарыкты күйгүзүп коёсуздарбы?»

 «Ундун ичинен чычкан таап алдык, эми унду жей берсек болобу?»

«Презденттин же премьер-министрдин WhatsApp номерлерин бересиздерби?»

 «Мага туугандарым келишти, эшикти ачайынбы же ачпай эле койсом болобу?»

 «Мышыгымда COVID-19дун бардык белгилери бар, мышыктарга ПЦР-тестти кайдан алат?»

 «Кинотеатрлар качан иштей баштайт?»

 «Сураныч, биздикине келип, эшиктин туткасын тазалап кете аласыздарбы? Кечээ бирөө такылдатып жаткан, бирок мен ачкан жокмун»

 «Менин күйөөмдү обсервацияга алып кеткилечи, эки жумадан бери арак ичип жатат».

Эскерте кетсек, «112» кызмат борборуна өлкөбүздүн бардык жарандары кайрыла алат. Аларга документи барбы, жокпу же улутуна, жарандыгына карап мамиле жасалбастан, бирдей көмөк көрсөтүлөт.

Даярдаган: Тумара Карыпбекова

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM