Биз менен байланышыңыз

Жарандыгы жоктор пандемия учурунда кайдан кеңеш алса болот?

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Ноя 2020 | 1021 | 0

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Россия Федерациясында 700 миң, Кореяда 6 550, Түркияда 30 миң, Казакстанда 35 миң, Бириккен Араб Эмираттарында 5 500, Германияда 8 575 жана Европанын башка өлкөлөрүндө 10 миңден ашуун кыргызстандык мигрант бар.

Ал эми Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери өлкөгө көчүп келген этинкалык кыргыздардын жалпы саны 65 миңден ашкан. 2010-жылдан тартып «Кайрылман» макамын 15 миңден ашуун адам алган. Алардын ичинен 105 жаран Ооганстандын Памир аймагынан келген.

Буларды айтып жатканыбыздын себеби, эгер сиз Кыргызстандын аймагына туруктуу жашоо үчүн көчүп келген, өлкөнүн жарандыгын ала элек этникалык кыргыз болсоңуз, биздин өлкөдө же чет жерде иштеген мигрант болсоңуз, пандемия шартында COVID-19дун симптомдору байкалган учурда зарыл болгон медициналык жардам алуу үчүн Кыргызстандын кайсы аймагында болбосун, «103», «118» жана «112» кыска номурларына чалып, акысыз медициналык жана юридикалык кеңеш ала аласыз!

COVID-19 инфекциясынын жайылышын ооздуктоо үчүн киргизилген өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал учурунда жарандар, айрыкча калктын аялуу катмарына кирген адамдар юридикалык жардамга муктаж болот. Укук жана медицина чөйрөсүндөгү суроолорго так жана түшүнүктүү маалымат алуу үчүн «112» ыкчам кызматына чалып кайрылсаңыз болот. Кеңеш кыргыз, орус жана англис тилдеринде берилет.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM