Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык балбан кыздар күрөш боюнча Дүйнө кубогуна катышат

Кыска кабар , Спорт | 27 Ноя 2020 | 521 | 0

Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча улуттук курамасы Дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Мелдеш 12-18-декабрь күндөрү Сербиянын борбору Белград шаарында өтөт.

Эл аралык лицензиялык мелдештерге даярдануу үчүн Кыргызстандын күрөш боюнча кыз-келиндер курамасынын мүчөлөрү 26-ноябрдан 12-декабрга чейин Түркиянын Стамбул шаарында машыгуу өткөрүшөт.

Дүйнө кубогуна катыша турган балбан кыздар:

Айсулуу Тыныбекова – 62 кг;

Айпери Медет кызы – 76 кг;

Мээрим Жуманазарова – 68 кг;

Нураида Анаркулова – 57 кг;

Назира Марсбек кызы – 59 кг.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM