Өткөн жылдын январь-сентябрь айына салыштырмалуу быйыл финансы сектордук уюмдардын кирешеси көбөйдү. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети таратты.
2020-жылдын 9 айында финансылык багытта иш алып барган 622 уюм болду, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 583 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 15 камсыздандыруу компания иш жүргүздү.
Тогуз айда бул ишканалар тарабынан 41,2 млрд сом суммасында киреше алынды. Статитистика комитетинин маалыматына караганда, бул өткөн жылдын тогуз айына караганда 32 пайызга көп. Мында өсүштүн 95,6 пайызын банк сектору камсыздады.
Финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 16 пайызга өсүп, 29,2 млрд сомду түздү.
Январь-сентябрда экономиканын финансы секторунун ишканаларынын
ишмердиктеринин көрсөткүчтөрү
|
Кирешелер |
Жалпы чыгымдар |
Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык |
2019 |
2020 |
2019 |
2020 |
2019 |
2020 |
Бардыгы |
31 191,3 |
41 179,5 |
25 146,9 |
29 204,5 |
6 044,4 |
11 959,3 |
Банктар |
25 031,5 |
34 582,1 |
21 165,4 |
25 080,7 |
3 866,3 |
9 485,9 |
Күрөөканалар |
291,0 |
293,6 |
164,6 |
201,9 |
126,4 |
91,6 |
Кредиттик бирикмелер |
220,5 |
180,1 |
142,6 |
133,7 |
78,1 |
46,4 |
Микрокредит берүүчү уюмдар |
4 633,1 |
5 115,8 |
2 814,3 |
3 050,9 |
1 818,4 |
2 064,8 |
Камсыздоо уюмдары |
969,5 |
965,8 |
839,2 |
714,3 |
130,3 |
251,5 |
Башка уюмдар |
45,7 |
42,1 |
20,8 |
23,0 |
24,9 |
19,1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|