Биз менен байланышыңыз

Молдова: Президент Өкмөттүн отставкасын талап кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Ноя 2020 | 377 | 1

Молдованын жаңы шайланган президенти Майя Санду Ион Кику жетектеген аткаруу бийлигинин отставкага кетүүсүн талап кылды. Президенттин мындай чечимге келишине Молдова өкмөтүнүн коронавирус пандемиясына каршы турууда жана экономикалык кризисти жөнгө салууда алгылыктуу иш-аракеттерди жасабаганы себеп болгон. Бул тууралуу «Рамблер» сайты жазды.

«Кризистен чыгуу — медицина тармагынын каржыланышына көз каранды. Мен бул багытты калыпка салуу үчүн тыштан жардам тартуу иштерин баштадым. Бул өкмөттүн иши болушу керек эле. Тилекке каршы, өкмөт өлкө ичиндеги өз милдетин татыктуу аткара алган жок. Эгер мындан ары да жөнгө сала албаса, анда отставкага кетсин», — деди Санду «Молдова-1» телеканалына берген маегинде.

Мындан тышкары, Молдова өкмөтүнүн пандемия менен күрөшүү, ооруканаларды даярдоо, керектүү жабдуулар менен камсыздоо иштерине өлкө жарандары терс баа берип жатканын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, өткөн жумада Молдова премьер-министри Ион Кику коронавирус инфекциясына чалдыккандардын саны кескин өскөнүн, эгер кырдаал дале ушундай улана берсе, жакында өлкө ооруканаларында орун калбай калышы мүмкүн экенин эскерткен. Ошол эле учурда өкмөт катаал чара көрүүгө батынбай турганын, андыктан ар бир жаран өз саламаттыгына өзү кам көрүүсү керектигин кабарлаган.

Аталган өлкө оору жугузгандардын саны боюнча Европада 19-орунда, ал эми пандемиядан каза табуулардын саны боюнча 13-орунда турат. Тактап айтканда, оору башталгандан бери 102 миң 894 адамдын илдетке чалдыкканы аныкталып, анын ичинен 90 миң 485 бейтап сакайып, 2 миң 229 бейтап көз жумган. Учурда ооруканаларда жана үй шартында 10 миң 180 жаран дарыланып жатат, анын 253үнүн абалы өтө оор.

1 пикир

1 пикир

  1. Кыргыз

    27.11.2020 16:45

    Расмий аталышы Молдова болуш керек. Молдавия деп бизди Киргизия деген сыяктуу орустар айтат

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM