Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстанда иштеп калууну самаган пакистандык студенттер бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Ноя 2020 | 1082 | 0

Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кайра жашыл тизмеге киргизүү боюнча Пакистан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн министрлик ТИМ аркылуу позициясын билдирет. Бир топ ЖОЖду кайра жашыл тизмеге өткөрүү боюнча сунуштар даярдалды.

«Пакистандын элчисин кабыл алып, абал менен жакындан тааныштык. Жалпы медициналык окуу жайларды кара тизмеге киргизүү туура эместигин, арада сапаттуу ЖОЖдор да бар экенин, мамлекет бул боюнча аттестация, аккредитация иштерин жүргүзүп жатканын айтып, маселени дипломатиялык жол менен чече баштадык», — деди министр.

Анын айтымында, пакистандык студенттерге анлис тилинде сабак берүүдө Кыргызстандын ЖОЖдору жакшы тейлей албай калууда. Билим берүү тармагын экспорттоо үчүн ички маселелерди чечүү зарыл.

Учурда Кыргызстанда 30 миңден ашык чет өлкөлүк студент бар. Анын 8 миңдейи Пакистандан келип билим алат. Арасында Кыргызстанда иштеп калууну самагандары да бар.

«Бул тармак өлкөгө чоң киреше алып келет. Чет өлкөлүк студенттердин ар түрдүү кызматтарды пайдалануусу 100 миллиондогон акчанын айлануусуна шарт түзөт. Мигранттардан келген каражат сыяктуу маанилүү… Чет өлкөлүк студент көп келсе, маданият жайылат. Биз аймактарда билимди экспорттогон өлкөгө айлансак, анын эмнеси жаман? Андыктан чет элдик студенттерди кодулоодон арылышыбыз керек», — деди Бейшеналиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM