Биз менен байланышыңыз

Доллар көтөрүлгөн сайын кадыры түшкөн адамдар

Блог | 26 Ноя 2020 | 2932 | 0

Заман өнүгүп, технология улам сайын жаңыланып отуруп, биз да айласыздан интернет желесине чырмалып калдык. Телефонсуз жашоону элестетүү да кыйын. Баарыбыз соцтармактар аркылуу жазышып жыргап калдык. Лайк, жүрөкчөлөрдү ❤️ чопулдата баскылап, пикирлер бөлүмүндө иттерче ырылдашып, бири-биринин пикирин, тандоосун, ишенимин сыйлабай уруша кеткен күндөр күн сайын көбөйүүдө. Бирөөнүн атын жамынып алып, улуттар арасындагы ынтымакка доо кетирип, чагымчылык кылгандар да ого эле көп.

Тарбиясыз авторитет болуп, тарбиялууну келесоо деп атай баштады. Куулук жана кыянаттыктын курсу көтөрүлүп, таза жана тууралык Советтин копейлериндей эч нерсеге жарабай калды. Кыңыр ишти кылып коюп, кылмышын башкага жыгып коюп четте жоону басып келген баатырдай күлүп турган заман келди. Өзү жалаа жапкан адамды калмактын баласындай кылып темир торго тыктырып, сыртта баягы эле кылмышын уламай. Эх замана! Бизди ушинтип жашасын деп аталарыбыз өлүмгө тик карап душманга кылыч шилтеди беле?

Эң жаманы — адамдын да баркы түштү. Адам адамды итке да теңебей калды. Доллар көтөрүлгөн сайын адамдын наркы түшө баштады. Болбосо, эң чоң байлык бул — адам. Жараткан да адамды эң улуу чеберчиликте жараттык деп эскерип жатат. Мына ошол Бийик даражалуу адам өзүн өзү тааный албай айбандан да ылдый даражага түшүп олтурат.

Акыл калчап көрсөң баарынын түбүндө бир эле маселе жатат. Сабатсыздык. Эскиден сабатсыздыкты жоюу үчүн мектеп университет ачып, окутуп, жашоого даярдап, бүтүргөн окуучуга диплом күбөлүк беришчү. Азыркы сабатсыздык — диплому бар билимсиздик болду. Акчага коюлган баалар, акчага жазылган дипломдук иштер, коррупцияга батып калган билим берүү. Жан-дүйнөнү жалпайта чапкан сабатсыздыктын демөөрчүсү паракорлук болууда.

Китеп окууга болгон өзгөрүүнү айтпай эле коёюн. Акыркы учурда гана бир аз жандана түшкөнүн эске албаганда, соңку 30 жыл ичинде китеп окуу маданияты жер менен жексен болду. Маданият тармагы итке минип, китепкана, маданият үйлөрүн желе басып, алардын ордун тойкана жана интернет клубдар ээледи. Эл ичин кыдырып акыл-насаатын айткан акылман аталар, сөзгө чечен акындар азайды. Эл аларды баалай албады, укпай койду. Алар да көр тирилик менен алек болуп, таланты бар таанышы жок адамдар арбыды. Колунан көрү төгүлгөн комузчу, талаада кетмен чаап, эл ырчысы аталган маданият адамдары сасык саясаттын курмандыгы болду. Европаны куткаруучу көрүп, алар баскан из менен басканга аракет кылып, кээде кулап кээде жинденип, жаңы баскан балача араң араң кадам таштап баратабыз. Өзүбүздүн маданиятты унутуп, аларга окшогонубузга сүйүнүп турган чагыбыз. Балдарыбыздын аты Манас, Токтогул, Толубай болгону менен ичи Месси, Роналдо болуп баратат. Ойлонуу керек. Ар бир ата-эне ойлонсун. Балдары кимге окшоп баратат?

Ээй, эски интеллигенция өкүлдөрү, азыр заманыбызга келип биздин абалды бир ирет көрсөңөр жүрөгүңөр кан ыйламак. Силер «кышта» келсеңер да «бороон суукка» карабай аманат өлкөбүздү бир кыйла алга сүйрөгөн экенсиңер. Ал убактын карапайым эли да ынсаптуу, Кудайдан корккон адамдар болгон экен. Элине жараша башчысы деп коёт эмеспи. Исхак атабыз «Эл оңолмоюнча, эл башчысы оңолбойт» деп таамай айтыптыр. Эл, өзүбүз коррупцияга малынабыз, ансыз ишибизди бүтүрүүнү оор түйшүк сезебиз. Анан чоңдор да чоң чоң паракорлук кыла баштайт. Эл ичинде жалган айткандар көбөйсө, бийлик да элди алдай баштайт.

14 кылым мурда эле Азирети Пайгамбар башкаруудагы элдин таасирин белгилеп мынтип айткан: «Кандай болсоңор, ошондой башкарыласыңар.» Мындайча айтканда, жер пай кандай болсо, чатыр ошондой болот. Эл кандай болсо башкаруучу да ошондой болот. Себеби, башкаруучу элден чыгат. Эл таза сүт болсо, сүттүн бет бети таза каймак болот. Ачкөз элге ачкөз башчы, кошунасын ойлобогон элге, элин ойлобогон өзүмчүл башчы келет. Өлкөбүз өнүксүн, Исхак атабыздай күчтүү Лидер келсин деген ар бир жаранга кайрылып кетем: Ар бирибиз өзүбүздү ошого жараша даярдайлы. Антпесе, Аалы акын айткандай «Манас ата келсе да, укпай турган эл болдук».

Өзгөрүүнү ар ким өзүнөн баштасын.

Автор: Абубакр Жамалдинов

P.S Автордун пикири редакциянын көз карашын чагылдырбайт. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM