Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, эртең, 27-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде кар жаайт. Күндүз өлкө аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1 … -6, күндуз 6 … 11;
Талас облусунда түнкүсүн -3 … -8, күндүз 5 … 10;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1 … -6, күндүз 6 … 11;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -3 … -8, күндүз 1 … 6;
Нарын облусунда түнкүсүн -11 … -16, күндүз -1 … +4;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -4 … -6, күндүз 7 … 9 градус жылуу болот.