Биз менен байланышыңыз

ИИМ уюштурган ыр сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Кыска кабар | 25 Ноя 2020 | 417 | 0

Бүгүн, 25-ноябрда Ички иштер органдарынын күнүмдүк турмушун, ишмердигин, жана эрдигин даңктоо максатында Ички иштер министрлиги Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте уюштурган «Бир ырдын сынагынын» жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Калыстар тобунун чечими менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалымат катчысы, акын Кутмырза Жакыбалиевдин ыры биринчи орунду алып, 20 миң сом жана атайын диплом менен сыйланды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, маркум акын Зайырбек Ажыматовдун ыры экинчи орунду алып, 15 миң сом жана атайын диплом менен сыйланды. Маркумдун сыйлыгы уулу Мелиске тапшырылды. Үчүнчү орунду Нарынбек Жамангулов ээлеп, 10 миң сом, төртүнчү орунду Ырысбүбү Сагынбаева ээлеп, 5 миң сом менен сыйланды. Мындан тышкары 6 акын кызыктыруучу сыйлыкка ээ болду.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов сыйлыктарды тапшырып жатып: «Ар бир кесип ардактуу, кандай кесип болбосун анын тарыхы, баскан жолу, алдыга койгон максаттары болот. Кыргыз милициясы бүгүнкү күндө эл менен байланышын бекемдеп, ишин элге таянып, эл менен бирдикте алып барууну көздөп, эл менен байланышты чыңдоо үчүн болгон күчүн жумшап, аракеттенип жатат», — деген ой-пикирин билдирип өттү.

Маалым болгондой, аталган сынак мындан ары жыл сайын уюштурулуп турмакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM