Биз менен байланышыңыз

Насыя алууда көңүл бура турган жагдайлар

Блог , Экономика | 26 Ноя 2020 | 1828 | 0

Биз бүгүн насыя алууда талаптардын тизмеси жана анын маанилүүлүгү тууралуу «ИНКОМ» микрофинансы компаниясынын насыя башкармалыгынын башчысы Гүлкайыр Мусаева менен маектештик.

— Насыя алууда талаптар эмне үчүн керек? Анын маанилүүлүгү…

— Ар бир каржылык мекеме насыя алуу үчүн арыздарды кароонун белгилүү бир тартибин, ошондой эле насыяга кайрылган адамга карата талаптарды белгилеши керек.

Банкта кардардын маалыматтары менен иштөөнүн коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуучу талаптарды камтыган ички процедуралары болууга тийиш. Маалыматты чогултууда жана кардарлар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө банктын кызматкерлери кардарларга так түшүндүрмө бериши керек.

Каржылык мекеме кызматтарды көрсөтүүдө төмөнкү укуктардын сакталышын камсыз кылышы зарыл:

  •  Келишимге кол коюлганга чейин кардардын келишимдин долбоору менен таанышууга укугу бар;
  • Кардардын келечекте насыяны узартуу же түзүмүн өзгөртүү өтүнүчү менен мекемеге кайрыла алат;
  • Эгерде насыянын негизги суммасынын 50% дан ашыгы төлөнсө, кардар башта коюлган күрөөнүн ордуна, эки тарап үчүн ыңгайлуу болгон башка күрөөнү берсе болот.

-Кандай талаптар бар экенин тизмектеп берсеңиз… 

— Каалаган суммада накталай насыя алуу үчүн сиз каржылык мекеменин талаптары боюнча текшерүүдөн өтүшүңүз керек. Карыз алуучуга стандарттуу талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын жараны болушу;
  • Туруктуу же убактылуу каттоосу болушу;
  • Жаш курагы 21ден 65 жакшы чейин болушу;
  • Иштеген жеринен акыркы 3/6 айда тапкан кирешеси жөнүндө маалымкаты болушу зарыл.

— Кардар аталган талаптарды аткарбай койгон учурда сиздер тараптан кандай чара колдонулат?

— Эгерде насыя «көйгөйлүү» деп табылса, анда насыяны төлөөгө багытталган мекеме бир катар чараларды камтып, бир нече этаптан турган иш-аракеттердин планын иштеп чыгат.

Биринчи этабы:

  • Насыя алуучуга насыялык келишимдин шарттарын бузганы, насыянын мөөнөтү өтүп кеткени жана мындан келип чыга турган көйгөйлөр жөнүндө билдирүү жөнөтүү;
  • Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • Карыз алуучуну мекемеге чакыруу;

Экинчи этабы:

  • Күрөө предметинен өндүрүп алуу;
  • Карыз алуучунун күрөөсүн үчүнчү жакка сатуу;
  • Кепил болгон тарапка кайрылуу.

Эгерде банктын жогорудагы аракеттери оң натыйжага алып келбесе, анда каржылык мекеме сотко кайрылууга милдеттүү.

— Бардык каржылык мекемелердин талаптары бирдейби же ар бир мекемеде өздүк талап болобу?

— Бардык каржылык мекемелердин талаптары бирдей. Себеби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан иштелип чыккан эрежелердин алкагында иштейбиз.

— Эгер кардар акчаны өз убагында төгө албай калса, анда каржылык мекеме насыялык тобокелдикке кабылат. Ушул насыялык тобокелдик жөнүндө айтып берсеңиз?

— Насыялык тобокелдик каржылык мекеменин ишинин бардык түрлөрүндө болот, мында оң натыйжа насыя алуучунун, кардардын мекеме алдындагы келишимдерде каралган милдеттенмелерди аткаруусуна байланыштуу.

Насыялык тобокелдиктерди тескөөнүн максаты — каржылык мекеменин насыялык тобокелге дуушар болуу деңгээлин, пайда болуу себептерин жана алдын ала болжолдоого боло турган ички жана тышкы насыялык тобокелдиктердин тенденцияларын аныктоо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM