Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Чүй районунун Калыгул айылындагы Т. Оңолбаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштери менен таанышты.
Аталган мектептин эскилиги жетип, авариялык абалга келгендиктен, 2020-жылдын август айында жаңы имаратынын курулушу башталган. Учурда мектептин 1-кабаты курулуп бүтүп, 2-кабатын куруу иштери жүрүп жатат.
Ысык-Ата районунун №3 Ивановка башталгыч мектебинин да эскилиги жеткен. 2018-жылдын январь айында жаңы мектеп куруу иштери башталган. Учурда каржылоо иштери үзгүлтүккө учураганына байланыштуу курулуш иштери 2-кабатка келип токтоп калган.
Бейшеналиев жогорудагы маселелерди чечүү үчүн тиешелүү адистерге тапшырма бергенин министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.