Биз менен байланышыңыз

АКШ: Байден мигранттарга жеңилдик берет

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Ноя 2020 | 715 | 0

АКШ президентин шайлоодо жеңишке жетишкенин жарыялаган Жо Байден президенттик кызматка киришкен алгачкы 100 күнүн миграция реформасына жана коронавируска каршы күрөшкө арнаарын NBC каналына берген маегинде маалымдады.

«Сенатка «11 миллиондон ашуун каттоосуз жүргөн мигрантка жарандык берүү жөнүндө» иммиграциялык мыйзам жиберем», — деди ал өз сөзүндө.

Ошондой эле Трамптын аба ырайына жана адамдын ден соолугуна зыян алып келген айрым мыйзамдарын жок кылууга ниеттенип жатканын билдирди.

Байден кетирген каталары үчүн Трампка тергөө ишин козготпой турганын айтып, Америка коомчулугунун ишенимин калыбына келтирүүгө убада берди.

Мындан тышкары «Байдендин келиши — Барак Обаманын «үчүнчү мөөнөткө» жол алышы» деген кептер жаңылыш экенин, андай болуусу мүмкүн эместигин белгилеген Байден: «Биз таптакыр башка дүйнөгө туш болуп жатабыз. Президент Трамп пейзажды өзгөрттү. Эми бул — биринчи Америка, ал — жалгыз Америка», — деп жыйынтыктады өз сөзүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM