Биз менен байланышыңыз

«Конституциянын долбоорун талкуулап, кабыл алууга парламенттин укугу жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Ноя 2020 | 395 | 0

Конституциянын долбоорун талкуулап, кабыл алууга азыркы Жогорку Кеңештин укугу жок. Мындай пикирин саясат талдоочу, журналист Айданбек Акматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Өтө маанилүү маселеде шашуунун кажети жок болчу. Жаңы Башмыйзамды кабыл алуунун легитимдүүлүгү да чоң маселе жаратып, эл аралык коомчулук эскертүүдө. Ар кимдин эшигин каккылап, «садака бер» деп отурган мамлекет кантип эл аралык коомчулукту четке кагып, «каалаганыбызды кылабыз» дей алат? Конституциянын мыйзам долбоорун талкуулоодо ар бир окуунун аралыгы 2 айдан болушу керек. Парламент кантип 10-январга алып чыга алат, календарды өзгөртүшөбү? Ошондуктан парламенттик шайлоону өз убагында өткөрүп, коомчулук кайсы башкаруу системасын колдоорун талкуулап, андан соң чечим кабыл алуу туура болмок», — деди Акматов.

Ал коомчулукта карама-каршылык күчөп баратканын, жарандык кагылышуу мүмкүнчүлүктөрү пайда болуп жатканын эске салды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM