Биз менен байланышыңыз

Бүгүн бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат

Кыска кабар , Спорт | 24 Ноя 2020 | 326 | 0

Бүгүн, 24-ноябрда эркектер жана аялдар арасындагы бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат, ал 28-ноябрга чейин Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтөт.

Чемпионат жаңы олимпиадалык циклге улуттук курама командаларды түзүү, республиканын аймактарында боксту өнүктүрүү жана өлкөнүн жаштарынын арасында боксту жайылтуу максатында өткөрүлүп жатат.

Мелдеш эркектер арасында 10 салмактык категорияда жана аялдар арасында 5 салмактык категорияда өткөрүлөт.

24-27-ноябрь күндөрү – алдын ала беттештер, чейрек финал, жарым финал өтөт. Ал эми 28-ноябрь күнү финалдык оюндар болот.

Уюштуруучулардын айтымында, турнирде 15 медалдар топтому ойнотулат — эркектер үчүн 10 жана аялдар үчүн 5.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM