Биз менен байланышыңыз

Бакта байланган абалда табылган жарандын аты-жөнү такталды

Кыска кабар | 23 Ноя 2020 | 2405 | 0

«Теплый ключи» санаториясынын аймагында асылып турган жеринен табылган жарандын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Өлтүрүлгөн адам Нарын облусунун 19 жаштагы О.Э. аттуу тургуну болгон. Бул факты боюнча кылмыш ишин иликтөөнү Ички иштер министрлиги жана Чүй облустук милициясы жүргүзөт. Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

21-ноябрда Аламүдүн милициясынын нөөмөт бөлүмүнө «Тёплые ключи» санаториясында оозу, буту скотчтолгон адам бакта асылып турганы жөнүндө маалымат түшкөн.

Бул факт 130-берене (адам өлтүрүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Copyright © 2017 Maral FM