Биз менен байланышыңыз

Бишкекте аралыктан билим берүүгө талдоо жүргүзүлдү

Кыска кабар | 23 Ноя 2020 | 459 | 0

Быйыл октябрь айында Бишкек мэриясынын  билим берүү башкармалыгынын адистери шаардагы мектептерде аралыктан окутуу шартында мамлекеттик стандарттын аткарылышын текшеришти. Анда табигый-математикалык жана гуманитардык багыттагы предметтерге көңүл бурулду.

Дистанттык окутууну талдоо төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлдү:

1. Билим берүү уюмдарынын ченемдик укуктук документтери;
2. Окуу процессин окуу-методикалык камсыздоо;
3. Окуу процессин ресурстук камсыздоо;

Натыйжада, бардык мектептер төрт категорияга бөлүндү:

• 26 мектеп окуучулар үчүн аралыктан билим берүүнүн жогорку деңгээлин көрсөттү;
• 40 мектеп жакшы деңгээлди көрсөттү;
• 18 мектеп орточо деңгээлди көрсөттү;
• Эки мектеп билим деңгээлинин начардыгын көрсөттү.

Борбор  калаада  97 мектеп жана 87 бала бакча бар, анда 7200дөн ашуун мугалим жана 1370 тарбиячы эмгектенет.

«Өткөн окуу жылынын төртүнчү чейрегине салыштырмалуу үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегиндеги дистанттык окутуу жогорку деңгээлде өттү. Баарыбызга — ата-энелерге, балдарга жана мугалимдерге жаңы билим берүү тутумуна тез көнүп кетишибиз талап кылынды. Бул процесстин ар бир катышуучусу үчүн стресс болду. Бирок кандай гана болбосун, биз пандемия шарттарында  жашаганды үйрөнүшүбүз керек», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Бишкек мэриясы ата-энелерге, оор кырдаалда балдарына түшүнүү менен мамиле кылууну, жардам берүүнү, үй тапшырмаларды биргелешип жасоону өтүнөт.

Учурда Бишкек жана Ош шаарынын окуучулары онлайн окуп жатышат. Ош шаарындагы 1-класстын окуучулары 30-ноябрдан тарта мектепке бара башташат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM