Биз менен байланышыңыз

Орусиялык дарыгерлер Карабахта жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө даяр

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Ноя 2020 | 418 | 0

Орусиялык дарыгерлер Карабахтагы жаңжалдан жабыркагандарга жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу Орусиянын Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко билдирди. 

«Мина жарылууларынан пайда болгон күйүктүн алдын албаса, ириңдеп кетүүгө алып келет. Мындай учурда жабыркагандарга психологиялык колдоо керек болот. Биз сизге бул жагынан жардам берүүгө даярбыз», — деди Мурашко Армениянын Саламаттыкты сактоо министри Арсен Торосян менен жолугушуусунда. 

Ал эгерде зарылчылык болсо, Арменияга медициналык топтор жөнөтүлөрүн же аралыктан консилиум өткөрө аларын кошумчалады. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM