Биз менен байланышыңыз

СOVID-19: Түркия рекорддук чекке жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Ноя 2020 | 387 | 0

20-ноябрда Түркияда коронавирус инфекциясын жугузган 4542 бейтап аныкталып, рекорддук көрсөткүч катары катталды. Бул тууралуу Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. 

Муну менен коронавирус жугузгандардын жалпы саны 430 миң 170ке жетип, 119 миң 43 бейтап каза тапты. 

Джон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, Түркия COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны боюнча дүйнөдө 25-орунда, каза болгондордун саны боюнча 22-орунда турат.

17-ноябрда президент Режеп Эрдоган коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүнүн алкагында Түркияга демалыш күндөрү коменданттык саат киргизилерин жарыялаган. Учурда соода борборлорунун, дүкөндөрдүн жана чачтарач салондорунун иштөө убактысы чектелип, кинотеатрлар, оюн-зоок жайлары жабылган. Билим берүү мекемелери кайрадан аралыктан окуу режимине өткөн. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM