Биз менен байланышыңыз

Казакбаевди Тажикстандын өкмөт башчысы кабыл алды

Кыска кабар | 20 Ноя 2020 | 355 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстанга болгон иш сапарынын алкагында өлкөнүн өкмөт башчысы Кохир Расулзода менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Казакбаев Кыргызстан эки өлкө ортосундагы маселелерди тынчтык, дипломатиялык жол менен чечүүгө умтуларын айтып, тажик тарапты тактала элек чек ара тилкелерин өкмөттүк делегациялардын деңгээлинде тактоо иштерине көңүл бурууга чакырды.

Тажик өкмөт башчысы соода жана товарларды ташууда эки тарап үчүн ыңгайлуу жана пайда алып келе тургандай шарт түзүү керектигин белгилеген. Бул багытта келерки жылдын башында Бишкекте өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтөрү кабарланды.

Казакбаев, Кыргызстан Тажикстандын суу пайдалануу маселелеринде дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурдуруу аракеттерине жогору баа берерин жана аны колдоорун билдирген.

«Тажикстандын өкмөт башчысы суу маселелери боюнча эки тараптын пикири бир экенин белгилеп, эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен Арал деңизин сактоо боюнча эл аралык фондду реформалоо маселесин бергиликте көтөрүп чыгууга даяр экендигин билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Руслан Казакбаев 19-ноябрда Тажикстанга иш сапары менен барды. Ал Тажикстандын Тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугуп, чек ара маселесин талкуулады.

Тараптар чек ара маселелери боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын 2021-жылы Бишкек шаарында өткөрүүнү пландашкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы — 970 чакырымды түзөт, анын 519 чакырымы такталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM