Биз менен байланышыңыз

Насыяны кантип туура жана жеңил алса болот?

Блог , Экономика | 19 Ноя 2020 | 966 | 0

Биз бүгүн насыяны кантип туура жана жеңил алуу жолдору тууралуу «ИНКОМ» микрофинансы компаниясынын насыя башкармалыгынын башчысы Гүлкайыр Мусаева менен маектештик.

— Насыя алуудан мурда кардар эмнелерди билиши керек?

— Кардар алгач өзүнө насыянын кайсы түрү керектигин тактап алуусу зарыл. Себеби насыянын бир нече түрү бар. Экинчиден, документтери так болуусу керек. Төмөнкү документтер талап кылынат:

  • Паспорту;
  • Жашаган жеринен маалымкат;
  • Акыркы 6/12 айдагы кирешеси жөнүндө маалымкат;
  • Нике күбөлүгү жана жубайынын паспорту (эгер үйлөнгөн болсо).

Айрым каржылык мекемелерде кепил жана күрөө талап кылынышы мүмкүн. Кепил боло турган адам да жогорудагыдай эле документтерди чогултууга тийиш. Ал эми күрөөгө коюла турган кыймылсыз мүлктүн төмөнкү документтери болуусу шарт:

  • Сатуу же сатып алуу келишими;
  • Кызыл китеп (мамлекеттик акт);
  • Кыймылсыз мүлк камакка алынбагандыгын тастыктаган тиешелүү мамлекеттик мекеменин маалымкаты

Айта кетчү жагдай, күрөөгө коюлган мүлккө мындан башка да документтер талап кылынуусу мүмкүн. Негизинен, документтер топтому ушул таризде болуусу зарыл.

— Төлөмдөрдү үзгүлтүксүз берүү үчүн насыя төлөөнү кантип туура эсептөө керек?

— Насыя алардан мурун насыяны тейлөөгө байланышы бар чыгымдарды так санап чыгуу керек. Жөнөкөй сөз менен айтканда, аны төлөөгө болгон дараметиңизди ченеп алуу зарыл. Бул этапта каталар көп кездешет. Көбүнчө, насыя алууну каалаган кардарлар алы келбеген жүктү да көтөрүп кетүүгө үмүттөнүп, мындайча айтканда, төлөө кудурети жетпей турган өлчөмдө акча алып алган учурлары кездешет. Кардарлар көбүнчө бизнеске салынган акча дароо эле натыйжа бербесин, тиешелүү дивиденддер белгилүү бир убакыт аралыгында гана агылып келе баштаарын ар дайым эле түшүнө бербейт. Ар кандай бизнес белгилүү бир тобокелдиктерге дуушар болот. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө бизнестин дээрлик бардык чөйрөлөрүндө атаандаштык өтө жогору. Ошондуктан, насыянын максималдуу суммасын аныктоо үчүн бизнес ишиңиздин учурдагы көрсөткүчтөрүнө, бүгүнкү күндө иштеп жаткан акча агымына ишенүү эң жакшы. Бул учурда, сиздин насыялык адисиңиздин кесипкөйлүгү да маанилүү роль ойнойт. Алар насыялык жүктү туура эсептеп чыгышы керек жана сизди ойлонбогон чыгашадан «коргоп», бизнесиңиздин өзгөчөлүктөрүнө жараша каржылоонун пайдалуу вариантын сунушташы шарт.

— Максаттуу насыя деген эмне?

— Насыялар эки түргө бөлүнөт: максаттуу жана максатсыз. Аты айтып тургандай: биринчи учурда, сиз келишимде көрсөтүлгөн кээ бир конкреттүү муктаждыктар үчүн акча алып жатасыз (батир, унаа сатып алуу, саякаттоо жана башкалар); экинчи учурда, сиз жөн гана акча аласыз жана анын кантип сарпталарын айтуунун кажети жок.

— Насыянын пайыздык чендери жөнүндө айтып кетсеңиз: минимум жана максимум деген түшүнүктөр барбы?

Керектөөчү насыялардын пайызынын орточо жылдык чени улуттук валютада 15тен 35 %га чейин, чет өлкө валютасында 12 %дан 26 %га чейин берилет. Бизнести өнүктүрүү үчүн улуттук валютада 20%дан 36%га чейин, чет өлкөлүк валютада 17ден 33%га чейин, ал эми турак жай сатып алуу же куруу үчүн улуттук валютада 16дан 35 %га чейин, чет өлкө валютасында 12ден 32 %га чейин ала аласыз.

— Эгерде кардар насыяны убагында төлөй албай калса, чечүү жолдору кандай болот?

— Насыя алуучуга төлөмдү кийинкиге жылдырууга, негизги карызды же пайыздарды бир нече убакыттан кийин төлөөгө укук берилет. Бул кредиттик тыныгуу деп аталат. Эс алуунун шарттары ар бир учурда өзүнчө талкууланат. Бирок кийинкиге калтыруу мезгилинде бир ай же үч ай болобу —  пайыздык чегерүү процесси насыя келишимине ылайык улантыларын түшүнүү керек. Кардарга кийинкиге жылдыруудан мурун, каржы мекемесинин кызматкерлери аны менен өзүнө ылайыктуу вариантты сунуштап, пунктарды кеңири талкуулашат. Эгерде жогоруда айтылгандарга карабастан, сиз дагы эле кийинкиге калтыруу мүмкүнчүлүгүн пайдаланууну чечсеңиз, анда каржылык-кредиттик мекемеге кайрылышыңыз керек.

— Окурманга түшүнүктүү болуш үчүн жогоруда айткан кредиттик тыныгууну чечмелей кетсеңиз…

— Кредиттик тыныгуу – насыя алуучуга төлөө боюнча милдеттенмелерди сактоо менен насыялык төлөмдөрдү убактылуу кийинкиге калтыруу дегенди билдирет. Насыянын «тоңуп калышы» – карызкор бир нече убакытка чейин мыйзамдуу түрдө төлөбөй калышы мүмкүн. Кийинкиге калтырылган төлөм аны жокко чыгарууга алып келбесин унутпаңыз. Акчаны кийинчирээк гана кайтарып берүүгө туура келет. Каржылык-кредиттик мекеме тоңуп калган сумманы калган төлөмдөр үчүн бирдей бөлүштүрөт же насыянын мөөнөтүн узартат. Эң башкысы, кредиттик тыныгууда насыяны төлөбөй коюу кечиктирилген болуп эсептелбейт жана насыя тарыхын бузбайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM