Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин үч депутаты суракка чакырылды

Кыска кабар | 19 Ноя 2020 | 1654 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев жана Мирлан Жээнчороев, Рыскелди Момбеков Ички иштер министрлигине суракка чакырылды. Бул тууралуу министрликтен тастыкташты.

Депутат Момбеков Фейсбуктагы баракчасына да жазды.

«Жанарды бүгүнкүгө чакырса, мени эртеңкиге чакырышыптыр. Акаев, Жээнчороев, Момбеков деп алфавит менен кетип жатышса, эртең Сулайманов менен Токтогазиевге жетиши мүмкүн. Ташиев деле жүргөндөй болду эле 5-октябрда «Ала-Тоо» аянтында, унутуп калам да ушинтип, ал чоң болуп кеткен да, туура…» — дейт Момбеков.

Маалыматтарга караганда, депутаттар 5-6-октябрь күндөрү болгон Бишкектеги башаламандыкка байланыштуу козголгон иш боюнча күбө катары суракка чакырылды.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо мыйзам бузуулар болгондуктан бир топ саясий партия нааразылыкка чыккан. Ал массалык башаламандыкка айланып, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM