Британия жакынкы 4 жыл аралыгында коргонууга болгон чыгымдарын 16,5 миллиард фунт стерлингге (21 миллиард 832 млн 800 миң) арттырууну пландоодо. Бул соңку 30 жылдагы рекорддук сумма болуп саналат.
Британ өкмөтү билдиргендей, 4 жыл аралыгындагы коргоо тармагын каржылоонун жалпы суммасы 24,1 млрд фунт стерлингди (31 млрд 889 млн 120 миң доллар) түзөт.
Бүгүн Британиянын премьер-министри Борис Жонсон парламенттин алдында бийликтин планын баяндайт. Ошондой эле улуттук киберкоопсуздук күчү жана жасалма интеллект агенттигин түзүү боюнча, ага кошумча 2022-жылы космоско учурууга пландалган Британ ракетасы тууралуу айтып берет.
«Бул чечимди пандемия күчөп турганына карабай кабыл алдым, себеби мамлекеттин коопсуздугу баарынан жогору турушу керек», — дейт Жонсон.