Биз менен байланышыңыз

Австралия бийлиги 2032-жылдагы Олимпиаданы өткөрүү өтүнүчүн колдойт

Кыска кабар , Спорт | 19 Ноя 2020 | 287 | 0

«Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон Эл аралык Олимпиада Комитетинин (ЭОК) башчысы Томас Бах менен жолугушууда өлкөнүн бийлиги Квинсленддин 2032-жылкы жайкы олимпиада оюндарын өткөрүү өтүнүчүн толугу менен колдой тургандыгын билдирди», — деп жазды ЭОКтун Twitter’деги микроблогу.

Моррисон менен Бахтын жолугушуусу бир күн мурун Токиодо болгон. Тараптар спорт коронавирус кризисинде жана андан чыгууда маанилүү ролду ойной турганын белгилешти. Моррисон менен Бах ошондой эле ЭОК жана Олимпиада оюндары үчүн саясий бейтараптуулуктун зарылдыгы жөнүндө бир пикирге келишти.

Квинсленд штаты 2019-жылдын декабрь айында 2032-жылкы оюндарды өткөрүүгө арыз берүү ниетин расмий жарыялады. Тендердик өнөктүк Брисбен шаарын, Алтын жээктеги жана Саншайн жээгиндеги курорттук аймактарды камтышы керек болчу. Май айында коронавирус пандемиясына байланыштуу аймакта экономикалык кырдаал начарлап, тендердик өнөктүк токтотулган. Июнь айында Австралиянын Улуттук Олимпиада Комитетинин (УОК) башчысы Джон Коутс арызды жаңыртууга чакырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM