Биз менен байланышыңыз

“Жалпы иш” коомдук фонду форма № 2нин рекорддук көбөйүшүнө тынчсызданып жатат

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 29 Сен 2020 | 361 | 0

4-октябрдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоосуна көз карандысыз байкоо жүргүзүү долбоорун ишке ашырып жаткан “Жалпы иш” коомдук фонду форма № 2 боюнча арыз берген шайлоочулардын, тагыраак айтканда катталган жери боюнча эмес, шайлоо дареги боюнча добуш берүүнү чечкендердин санынын көбөйүшүнө олуттуу тынчсызданып жатканы жөнүндө билдирет.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 3-бөлүгү ар бир шайлоочу шайлоочулардын тизмеси менен таанышкан учурдан тартып, бирок добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен, белгиленген үлгүдөгү арызды, ага Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берүү жолу менен шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө ниеттенгендиги жөнүндө билдирүүгө укуктуу экендигин белгилей тургандыгы талашсыз. Бул ченем мыйзамга шайлоочулардын эгерде өзүнүн шайлоо участогунда эмгек миграциясы, жашаган жерин убактылуу алмаштыруу, иш сапар жана башка себептер боюнча добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, алардын шайлоого катышуусун жеңилдетүү жана активдүү шайлоо укугун ишке ашыруусу үчүн киргизилген.

Бирок, учурдагы шайлоо кампаниясы жана шайлоочулардын шайлоо дарегин алмаштыруусу тынчсыздандырып жатат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтары боюнча 27-сентябрга карата бул шайлоодо форма № 2 боюнча арыздардын жалпы саны 496 239 түзөт, бул жалпы электораттын 14,08% болуп саналат. Салыштыруу үчүн: 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо бул форма № 2 боюнча арыздардын саны 297 327 же катталган шайлоочулардын 10,76% түзгөн, ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоодо 315 461 арыз (10,42%) берилген. Биз форма № 2 боюнча арыз бергендердин бир бөлүгү чыныгы кырдаалга жараша өзүнүн шайлоо дарегин өзгөртүүгө мажбур болгондугуна күмөн санабайбыз. Бирок, шайлоочулардын көпчүлүк бөлүгү жашабаган жери боюнча катталууну чечишкендигинин себеби түшүнүксүз бойдон калууда. Азыркы учурда, бул изоляция, шайлоочунун жеке демилгеси менен байланыштуу болгондугун же 0.7% региондук босого жетүү жана/же ички партиялык “жумшак” рейтингге жетүү үчүн шайлоонун жыйынтыгын чыгарууга аракет кылган саясий партиялар жана талапкерлер тарабынан сатылып алынгандардын иш-аракети болгондугун текшерүү мүмкүн эмес. “Жалпы иш” коомдук фонду укук коргоо органдарына бул маселени иликтөө өтүнүчү менен кайрылган.

Өзгөчө тынчсыздандырып жаткан нерсе, кээ бир саясий ишкерлердин өкүлдөрүнүн жана айрым региондук жергиликтүү коомдоштуктардын шайлоо күнү өзүлөрүнүн шайлоо участокторуна форма № 2 боюнча добуш бере турган башка региондордун шайлоочуларын киргизбөө жөнүндө ниеттерин айткандары болуп жатат. Бул иш-аракет кагылышуу жарата ала турган чоң жаңжалга алып келиши мүмкүн. Ошондой эле, форма № 2 боюнча катталган шайлоочулардын конституциялык добуш берүү укугун пайдаланууга жол бербөөгө алып келет. Жалпысынан, бул форма № 2 колдонууда түзүлгөн кырдаал, жарандардын мыйзамдуулукка жана шайлоо алдындагы процесстерге акыйкат мамилеге ишенимин жоготот, бул шайлоочулардын шайлоого катышуудан көңүл калуусуна жана Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк коомдогу беделине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

“Жалпы иш” коомдук фонду Борбордук шайлоо комиссиясын, ошондой эле укук коргоо органдарын бул кырдаалга аябай кылдат кароого, саясий партиялар менен алдын алма иш-чараларын жүргүзүүгө, ошондой эле шайлоо алдындагы процесстин бардык катышуучулары мыйзамдын ченемдерин кыянаттык менен пайдалануусун болтурбоо боюнча маалыматтык кампанияны күчөтүүгө чакырат.

Конституцияга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толук туура келген таза жана акыйкат шайлоону өткөрүү конституциялык ченемди ишке ашыруунун кепилдиги болуп саналат, мында Кыргызстандын эли эгемендүүлүктүн алып жүрүүчүсү жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин жалгыз булагы болуп саналат, ал түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда ишке ашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM