Биз менен байланышыңыз

«Жалпы иш» коомдук фонду шайлоо кампаниясы учурда болуп жаткан коркутуу жана зордукчул аракеттерди чечкиндүү айыптайт

Саясат , Шайлоо-2020 | 25 Сен 2020 | 443 | 0

«Жалпы иш» коомдук фонду аймактарда кездешип жаткан  күч колдонгон (жаатташып кагылышуу, уруу, айтышуу, коркутуу ж.б. ) мүнөздөгү окуяларга тынчыздангандыгын билдирет.

«Шайлоочуларга менен талапкерлерге жасалган зордукчулдук жана аларды коркутуу демократиялык шайлоолордун көз карашы менен алганда жол берилбей турган нерсе”, — деди парламенттик шайлоого байкоочулук кылып жаткан “Жалпы иш” коомдук фондунун жетекчиси Аида Суйундуева.

Фонд шайлоо өнөктүгү учурундагы адилетсиз мындай ыкмалардын жасалышы менен коштолгон чатактар жарандардын мыйзамдуулукка болгон ишенимин жоготот.  Бул алардын шайлоого катышуусуна таасирин тийгизет. Андан сырткары аялдардын шайлоо процессине добуш берип, талапкер, партиянын тарапкери, активист катары катышуусуна пропорционалдуу эмес өтө жогору терс таасирин бериши мүмкүн. Ошону менен катар эле дүйнөлүк коомчулук алдында Кыргыз Республикасынын имиджин терс маанайда чагылдырат.

Мындан улам “Жалпы иш” коомдук фонду чакырык жасайт:

  • саясий партиялар жана алардын тарапкерлери шайлоо өнөктүгүн мыйзамды жогору коюп алып барышы керек, ал – ачыктык жана бири-бирин сыйлоо, жарандардын укугу менен кызыкчылыгынын биринчи коюлушу зарыл;
  • саясий партиялар алардын (саясий партиялардын) ортосунда түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 2020-жылдын 4-октябрында Бишкек шаарында өтүүчү шайлоого талапкер катары каттаган Меморандумду тыкыр сакташы керек;
  • тартип сактоо органдары  аймактарда күч колдонуу мүнөзүндө кездешип жаткан бардык чатактарды  ачык жана объективдүү иликтеши керек;
  • КРдин шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында бардык окуяларга реакция жасап, аларга күнөөлүү болгон юридикалык жана жеке тараптарды жоопко тартышы керек.

Шайлоо өнөктүгүнүн бардык катышуучулары максаттуу иш алып барып, мындай окуялардын болуп кетишине жол бербеген чараларды көрүүшү зарыл.

Кыргыз Республикасында Конституцияга толук туура келген таза жана адилеттүү шайлоолорду өткөрүү конституциялык нормалардын турмушка ашырылышынын кепилдиги болуп эсептелет.  Кыргызстандын эли шайлоо менен референдумдарда түздөн-түз ишке ашырган Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы жана суверендүүлүктүн алып жүрүүчүсү болуп эсептелет.

“Жалпы иш” коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутататтыгына 2020-жылдын 4-октябрында болуучу шайлоого көз карандысыз байкоочулук кылып келет.

«Жалпы иш» коомдук фонду – коммерциялык эмес фонд. Ал Кыргызстандагы парламенттик шайлоого мониторинг кылуу, жарандарды окуткан, атуулдарды башкаруу процесстерине активдүү катыштырууга көмөк көрсөткөн долбоорлорду ишке ашыруу үчүн түзүлгөн.

«Жалпы иш» коомдук фондунун миссиясы – жарандарга аралашуу, дискурс жана коомдук көзөмөлгө катышуу менен өлкөдө кабыл алынган чечимдердин сапатына таасир этүүчү мүмкүнчүлүктү түзүп берүүгө көмөктөшүү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM