Биз менен байланышыңыз

Шайлоо тематикасына байланыштуу алты ролик чыгарылды (видео)

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 24 Сен 2020 | 377 | 0

«Жалпы иш» коомдук фонду Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын эфирине шайлоо боюнча иштеп жаткан кампаниясынын алкагында аталган темада видеороликтердин сериясын чыгарат. Ал добуш берүүчүлөрдү аталган өнөктүк туурасында маалымдар кылуу максатында жасалууда. Роликтер 23-сентябрдан 2-октябрга чейин КТРКнын эфиринен кетет жана фонддун социалдык тармагында жайгаштырылып, өнөктөш тармактар аркылуу жайылтылат.

Видеороликтер админстративдик ресурсту пайдалануунун мыйзамсыздыгы, добуш сатып алуу, шайлоочулардын катышуусунун маанилүүлүгү, добуш берүүчүлөрдүн маалыматтарынын коопсуздугун камсыздоо, жашыруун добуш берүү, аң-сезимдүү тандоонун маанилүүлүгү боюнча жарандардын маалымдуулугун арттыруу максатын көздөйт.


«Социалдык роликтердин темасын аныктап жатып, фонд июнь айында өткөргөн социологиялык сурамжылоонун маалыматтарына таяндык. Анда шайлоочулар шайлоого байланыштуу эмнелер түйшөлтөрүн айтышкан эле. Андан сырткары фонддун эксперттери жергиликтүү жана эл аралык шайлоочулардын отчетторунун, арыздардын, соттук  чечимдердин негизинде КРдеги шайлоо кампанияларына мүнөздүү, көбүрөөк кездешкен көйгөйлөрдү аныктап чыгышкан. Анын негизинде маанилүү делген алты тема тандалып алынган. Биз шайлоодогу жоопкерчиликтүү кадамдар туурасындагы идея биздин атуулдарга таасир этет деген ишенимдебиз», — деген  «Жалпы иш» коомдук фондунун жетекчиси Аида Суйундуева.

Бул видеороликтер шайлоочуларга маалымат берүү боюнча социалдык тармактагы билдирүүлөрдүн, веб-сайттагы макалалалардын, ТВ жана радиодогу сюжеттердин, аймак жашоочулары менен болгон активисттердин жолугушуулардын, семинарлардын, окутуулардын, ЖОЖдордогу, тематикалык мектептердеги онлайн-консультациялардын жана лекциялардын, журналисттер менен юристтердин компетенциясынын деңгээлин көтөрүүгө багытталган жана фонд коомчулук менен ЖМКлар аркылуу бөлүшкөн  кампаниянын бир бөлүгү болуп саналат.

Роликтерди чыгаргандан сырткары жыл «Жалпы иш» коомдук фонду шайлоо өнөктүгүнө чейин  кампания алкагында атуулдарды маалымдар кылуу боюнча  он миң тематикалык баракчаны таратуу ниетинде.  Ал атуулдардын шайлоого катышуу маанилүү экендигин, мыйзам бузуулар, добуш берүүчүлөрдүн активдүү кадамдары жана башка темаларда.

Анын сырткары   шайлоочуларды добуш берүүгө активдүү тартуу үчүн «Жалпы иш» коомдук фонду 18-сентябрдан 2-октябрга чейин республика боюнча 30 миңге чукул жарандарга телефон чалып чыкмакчы. Ал шайлоо туурасында маалымат берүү, мындай маанилүү – Жогорку Кеңештин депутаттарын тандоо өнөктүгүн тоготпой койбой, 4-октябрда келип, добуш берип кетүүсүнө чакырык жасоо.

Социалдык роликтер фонддун буюртмасы менен «Экологиялык жаштар телевидениеси  — ЭМТВ» телеканалы – ЖЧКсы,  Жапаров Ш. М. Тарабынан даярдалган.


«Жалпы иш» коомдук фонду – коммерциялык эмес фонд. Ал Кыргызстандагы парламенттик шайлоого мониторинг кылуу, жарандарды окуткан, атуулдарды башкаруу процесстерине активдүү катыштырууга көмөк көрсөткөн долбоорлорду ишке ашыруу үчүн түзүлгөн.

«Жалпы иш» коомдук фондунун миссиясы – жарандарга аралашуу, дискурс жана коомдук көзөмөлгө катышуу менен өлкөдө кабыл алынган чечимдердин сапатына таасир этүүчү мүмкүнчүлүктү түзүп берүүгө көмөктөшүү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM