Кыргызстанда дагы 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бир медкызматкер кызыл зонада жуктуруп алган.
- Баткен облусунда – 3
- Бишкек ш. – 1
- Ысык-Көл облусунда – 8
- Жалал-Абад облусунда – 2 (кызыл зонадан 1)
Ошол эле бир суткада стационардан 4, үй карантининен 5 медкызматкер айыгып, чыгарылган.
Республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3764 учур катталды, анын 3514ү сакайды.