Биз менен байланышыңыз

Элчилик: Орусиядан Казакстандын аймагы аркылуу өтүүгө уруксат бериле элек

Кыска кабар | 18 Ноя 2020 | 364 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргыз жарандарынын Казакстандын аймагына кирүүсүнө коюлган чектөө күчүндө экенин эскертет. Буга байланыштуу, Орусиядан Казакстанга транспорттук каражат менен (автоунаалар, автобустар жана башкалар) өтүү мүмкүн эмес. Кыргызстандын жарандарынын Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик жүрүүсүнө тыюу салынган.

Орусиядан Мекенге кайтууну каалагандар аба каттамдарын пайдалана алышат. Учурда Бишкектен Москвага жана артка кайтууга жумасына 2 туруктуу каттам бар. Орусиянын ири шаарларынан (Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Сургут) Кыргызстанга (Бишкек жана Ош) кыргыз авиакомпанияларынын чартердик каттамдары ачылган.

Ал эми Казакстандын аймагы аркылуу Орусиядан Кыргызстанга жүк ташууга (автотранспорт аркылуу) уруксат берилген. Ошол эле учурда, бул укукту эл аралык жүк ташууларды жүзөгө ашырган жана тиешелүү уруксат кагаздары бар расмий катталган жүк ташуучулар, транспорттук-логистикалык компаниялар гана пайдалана алышат.

Орусиянын аймагында каза болгон кыргыз жарандарынын же Кыргызстандын тургундарынын сөөктөрү Казакстандын аймагы аркылуу тоскоолдуксуз өтө алат. Ал үчүн жүктү жана аны коштоп бараткан адамдарды тиешелүү документтер менен камсыз кылып, Кыргызстандын Казакстандагы элчилигине алдын ала кабарлоо керек. «Жүк-200» алып өтүүгө уруксат берүү боюнча суроолорду элчиликтин консулдук бөлүмүнүн 4992385069@mail.ru. электрондук дарегине жазуу керек.

Катуу ооруп жаткан жарандарды Орусиядан Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик жол менен өз Мекенине жеткирүү казак тараптын алдын ала макулдугун талап кылат. Консулдук бөлүмүнүн электрондук дарегине кат түрүндө: 4992385069@mail.ru. кайрылуу жөнөтүңүз.

Элчилик Кыргызстандын жарандарын Казакстандын аймагы аркылуу өтүүгө аракет жасабоого чакырат.

Алмаш Алтымышева 
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги
+7 (925) 221 36 96

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM