Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 2020-жылдын декабрь айында күтүлгөн абанын температурасы жана жаан-чачындын көлөмү тууралуу болжолдоосун жарыялады.
Декабрда абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -1…-3° суук, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -4…-6° суук болушу мүмкүн.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10º суукка чейин, күндүз 7…12° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -11…-16° суук, түндүк аймактарда -15…-20° суук болот. Күндүз -3…-8° чейин төмөндөшү мүмкүн.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 1…6° жылуу болот. Кээ бир күндөрү абанын температурасы -12…-17° суук, күндүз -4…-9° чейин төмөндөшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болуп, тоо этектериндеги райондордо нормадан ашуусу мүмкүн (Чүй өрөөнүндө 32-34 мм, тоо этектеринде 17-27 мм).
ТАЛАС ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -2…-4° суук болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -3° сууктан 6…11 градуска чейин жылыйт. Кээ бир күндөрү түнкүсүн -13…-18° суук, күндүз -4…-9 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (22-23 мм).
ОШ ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…2° жылуу, тоо этектериндеги райондордо -1…-3° суук болот.
Декабрь ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктан +4° жылуулукка чейин, күндүз 7…12° чейин жылыйт.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4…-9° суук, кээ бир түндөрү -10…-15 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -4° сууктан 5…10° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан ашат (өрөөндөрдө 28-61 мм, тоо этектериндеги райондордо 28-31 мм).
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…2° жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…-2° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктан +4° жылуулукка чейин, күндүз 0…5 градустан 7…12° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4…-9° чейин суук болот, кээ бир түндөрү -10…-15° чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -4° сууктан 5…10° жылуулукка чейин өзгөрөт.
Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10º суук, күндүз 0…-5° сууктан 2…7° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болушу мүмкүн (өрөөндөрдө 51-53 мм, тоо этектериндеги райондордо 47-86 мм, Токтогул районунда 33-35 мм).
БАТКЕН ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…2° жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…-2° суук болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктан +4° жылуулукка чейин, күндүз 7…12° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4…-9° суук, кээ бир түндөрү -10…-15° чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -4° сууктан 5…10° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан арбын болушу мүмкүн (өрөөндөрүндө 18-20 мм, тоо этектериндеги райондордо 30-32 мм).
ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…-2° суук, чыгышында -3…-5° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6° сууктан -7…-12° суукка чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн, күндүз 3…8° жылуулуктун тегерегинде болуп, кээ бир күндөрү 0…-5° чейин төмөндөшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (2-12 мм, чыгышында 19-26 мм).
НАРЫН ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -10…-12° суук, Кочкор районунда -7…-9° суук болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10° сууктан -14…-19° чейин, күндүз -4…-9° чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир түндөрү -20…-25° суук болуп, күндүз -11…-16° төмөндөйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (3-15 мм).
АЛАЙ ӨРӨӨНҮ
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -12…-14° суук болушу күтүлөт.
Абанын температурасы түнкүсүн -9…-14° суук, кээ бир учурда -15…-20° чейин төмөндөйт, кээ бир түндөрү -23…-28° суук болушу мүмкүн. Күндүз -9…-14° суук болот.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (25-27 мм).
ЧАТКАЛ ӨРӨӨНҮ
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -10…-12° суук болушу күтүлөт.
Абанын температурасы түнкүсүн -5…-10° сууктан -14…-19° чейин өзгөрүлүп турат, кээ бир түндөрү -21…-26° чейин төмөндөйт. Күндүз -2…-7° суук, кээ бир учурда -8…-13° чейин өзгөрүлүп турушу ыктымал.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (46-48 мм).
СУУСАМЫР ӨРӨӨНҮ
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1° жогору болуп, -14…-18° суук болушу мүмкүн.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -10…-15° суук, кээ бир учурда -18…-23° суук болот. Күндүз -2…-7° суук, айрым учурда -10…-15° чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Кээ бир күндөрү түнкүсүн -29… -34° суук болуп, күндүз -16…-21° чейин төмөндөшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (22-24 мм).