Биз менен байланышыңыз

«Жалпы иш» коомдук фонду: саат 14:00гө карата көз карандысыз байкоонун жыйынтыгы

Шайлоо-2020 | 4 Окт 2020 | 561 | 0

«Жалпы иш» коомдук фонду өлкө аймагы боюнча туруктуу 300 байкоочуну (бир күн бою участкалык шайлоо комиссиясында боло турган), мобилдик 58 команданы жана аймактык 8 юристти шайлоо өнөктүгүнүн ачылышына, добуш берүүгө, добуштарды саноого жана жыйынтык чыгарууга байкоо салуу үчүн жөнөттү. Фонд тандап байкоо жүргүзүү (SBO) ыкмасын колдонот. Ал — шайлоо күнүндө жалпы өлкөдөгү абалды чагылдырган өзүнчө шайлоо процесстери туурасында жыйынтык чыгарууга мүмкүнчүлүк берген, мониторинг кылуунун алдыңкы технологиясы. Бул тууралуу «Маралга» аталган фонддон маалымдашты.

Мындан сырткары саат 14:00гө карата мобилдик командалар  211 шайлоо участогуна барып, анын айлана-тегерегиндеги абалга байкоо салган. Шайлоо участокторунун 28 пайызы добуш берүү үчүн саат 8:00гө чейин ачылды, 71 пайызы саат   8:00дө жана 0,7 пайызы андан кечирээк ишин баштады.

Шайлоо участокторунун 81,3 пайызында шайлоочулар КОВИД-19 кырдаалына байланышкан сактануу боюнча айтылган сунуш-кеңештерди аткарды, 49,9 пайызында КОВИД-19 боюнча эрежелерден улам кезек жаралды.

Байкоочулар добуш берүү негизинен тынч өткөндүгүн, бирок муну менен кошо процедуралар боюнча эреже бузуулар кездешкенин жана олуттуу мыйзам бузуу сейрек болгондугун айтышты.

«Жалпы иш» коомдук фондунун бардык байкоочулары тандалып алынган шайлоо участокторунда   мониторинг жүргүзүүдө.

Мобилдик командалар барган шайлоо участокторунун басымдуу бөлүгүндө абал тынч болгон. Чыңалган кырдаал 12 шайлоо участогунда кездешкен. 10 шайлоо участогунда добуш берүүчүлөрдү ташып келүү боюнча маалыматтар түшкөн. Үгүт иштерин мыйзамсыз жүргүзүү эки шайлоо участогунун аймагынан сырткары болгону белгиленген.  Ал эми админстративдик ресурсту колдонуу бир шайлоо участогунда кездешкен.

Участкалык шайлоо комиссиясынын мыйзам бузуулары боюнча кат жүзүндөгү арыз же даттануу

«Жалпы иш» коомдук фондунун байкоочулары процедуралык 21 мыйзам бузуу болгонун билдиришти. Негизинен алар жабдуулардын иштебей калышы жана олуттуу жети мыйзам бузуу, анын ичинде участкалык шайлоо комиссиясында башка кишинин ордуна бөлөк шайлоочунун добуш бергени боюнча факты жөнүндө айтып, 17 акт беришкен. Жалпысынан алганда алты арыз кагаз жүзүндө: аймактык шайлоо комиссиясына (5) жана тартип коргоо органдарына (1) берилген.

 

«Жалпы иш» коомдук фонду добуш берүү күнүндөгү процесстерге мониторинг жасап, олуттуу шайлоо мыйзамдары бузуулар болсо  арыз берет. Учурда фонд тарабынан расмий түрдө бир дагы арыз жазыла элек. Фонд мобилдик топтун жардамы менен аймактык шайлоо комиссияларында жана шайлоо участкалары боюнча абалга байкоочулугун улантат. Фонд шайлоочулардын добуш берүүгө келиши боюнча кошумча маалыматты инфографика түрүндө жарыялап турат. Добуш берүү өнөктүгүн чагылдырган жана шайлоо участокторунун жабылышын маалымдаган   кийинки  пресс-релиз саат 22:30да болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM