Электрондук айдоочулук күбөлүктөрдү жана автоунаалардын техникалык паспортторун киргизүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.
Аталган долбоор бир жылга эсептелип, алгачкы натыйжасын Бишкек шаарында байкап көрүү каралууда.
Мамлекеттик каттоо кызматы иштеп чыккан долбоорду ишке ашырууга Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгы көмөктөшөт.
Унаа ээлери мобилдик тиркеменин жардамы менен айдоочулук күбөлүктүн жана машинесин каттаткан күбөлүктүн электрондук түрүнө өтө алышат.