Биз менен байланышыңыз

Некролог. Балдар онкологу Дамира Байзакова каза болду

Кыска кабар | 16 Ноя 2020 | 787 | 0

Бүгүн, 16-ноябрда Медицина илимдеринин доктору, Кыргыз Респубилкасынын эмгек сиңирген дарыгери, балдар онкологу Дамира Байзакова каза болду. Маалыматтарга караганда ал коронавирус инфекциясынан көз жумган.

Дамира Байзакова 62 жашта болчу.

1974-жылы Н. И. Пирогов атындагы Москва медициналык институтуна тапшырып, аны 1980-жылы ийгиликтүү аяктаган.

1980-жылдан баштап Онкология жана радиология илим изилдөө институтунда иштей баштаган.

1986-жылы Москва шаарында Н. Н. Блохин атындагы Бүткүл россиялык онкологиялык илимий борбордун педиатрдык онкогематология бөлүмүндө аспирантураны аяктаган жана педиатрдык-гематологиялык онкология боюнча диссертациясын коргогон.

1986-жылдан баштап Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар онкогематологиясы бөлүмүндө улук илимий кызматкер болуп иштеген.

1997-жылы ага балдардын онкогематология бөлүмүнүн башчысынын милдети жүктөлгөн.

1998-жылдан бери Улуттук онкология жана гематология борборунда алдыңкы илимий кызматкери болуп иштеген.

1999-жылы Кыргызстандан Москвага барып дарыланып жаткан лейкемия жана залалдуу лимфома менен ооруган балдардын өздүк клиникалык материалынын негизинде Москва шаарында доктордук диссертациясын коргогон.

Жумуш учурунда ал педиатрдык онкология боюнча 6 илимий теманы аяктап, 120 илимий эмгегин жарыялаган, алардын 30дан ашыгы чет өлкөлөрдө жарыяланган.

Дамира Байзакованын жардамы менен, курч лимфобластикалык жана миелобластикалык лейкоздор, лимфогрануломатоз, зыяндуу лимфомалар, Уилмс шишиктери, остеосаркома сыяктуу онкологиялык оорулуу балдарга диагностиканын жаңы ыкмалары киргизилген.

Ал балдардын курч лимфобластикалык жана миелоиддик лейкемиясында цитохимиялык диагностика жана иммунофенотиптөө ыкмаларын киргизди.

Курч лимфобластикалык лейкемия менен ооруган балдардын тирүү калуу деңгээли 0% дан 72% га чейин жогорулады, курч лейкоз, кан рагы менен ооруган 200дөн ашуун бала айыгып, лимфогрануломатоз менен, жашоо деңгээли 90% га, бөйрөктүн зыяндуу шишиктеринен аман калуу деңгээли 80% га чейин жогорулады.

Учурда Дамира Байзакованын жардамы аркылуу рак илдетинен айыккан 400дөн ашуун бала бар.

Дамира Байзакова курч лейкоз, апластикалык аз кандуулук, боор рагы жана сөөк рагы менен жабыркаган 67 баланы чучугун трансплантациялоо үчүн дарыланууга акысыз жиберген, сөөк рагына чалдыккан 25 бала да акысыз дарыланууга жиберилген.

Ошол эле учурда Кыргызстанда химиотерапия жүргүзүп, Италияга калыбына келтирүү операциясына жөнөткөн, анткени бул операциялар Кыргыз Республикасында жүргүзүлбөйт.

Байзакова 10 миллион доллардан ашуун каражатка дары-дармек жана шаймандар түрүндө гуманитардык жардам катары салым кошкон. Анын эмгегине жараша Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы жана гематология бөлүмү КМШ өлкөлөрүндө гана эмес, чет өлкөлөрдө да белгилүү. Дамира Омурзаковна кесиптештеринин, студенттердин жана бейтаптардын ата-энелеринин чоң урмат-сыйына ээ болгон.

Дарыгердин өлүмүнө байланыштуу мамлекеттик жетекчилер анын туугандарына жана жакындарына көңүл айтышты.

Т. Т. Мамытов, Э. Ж. Сурабалдиева, С. С. Касмамбетов, Б. А. Аманбаев, А. С. Бейшеналиев, М. М. Мамытов, М. М. Мамакеев, Д. К. Кудаяров, С. А. Жумабеков, К. Т. Шадыханов, М. М. Каратаев, Н. Т. Усенбаев, Б. И. Жангазиев, Э. А. Тилеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM