Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин тарапташтары митинг өткөрүшүүдө

Кыска кабар | 16 Ноя 2020 | 704 | 0

Бишкекте Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары митинг өткөрүп жатышат. Алар Жогорку Соттун имаратынын алдына чогулуп, Атамбаевди бошотууну, анын эмне себептен кармап отурушканын түшүндүрүүнү талап кылышууда.

Бүгүн Социалисттик интернационал уюмунун башкы катчысы Луис Аяла кайрылуу жасап, Алмазбек Атамбаевди түрмөдөн бошотууну суранганын «Социал-демократтар» партиясы кабарлаган.

«Кыргызстандын мурунку президенти жана дүйнөгө таанымал саясий ишмердин абактан бошотулушу  – жакшы ишарат жана эл аралык коомчулукка Кыргызстанда жашоо өз нугуна түшүп жаткандыгы жөнүндө белги болмок», — деп айтылат Социалисттик интернационалдын билдирүүсүндө.

Алмазбек Атамбаев учурда №47 жаза өтөө мекемесинде. Ал 2019-жылдын 8-августунда атайын операция менен кармалган. Ал учурда үч кылмыш иши боюнча айыпталууда: Кой-Таш окуялары; кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу; мыйзамсыз баюу.

Батукаевдин иши боюнча соттук процесс өтүп жатат, акыркы отурум 16-ноябрга белгиленген, бирок бүгүн да өтпөй калды.

Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин башталган нааразылык акциялары башаламандыкка айланып кеткен күнү Атамбаев да абактан бошотулган, 10-октябрда кайра камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM