Биз менен байланышыңыз

Формула-1: Хемилтон Михаель Шумахердин рекордун жаңылады

Кыска кабар , Спорт | 16 Ноя 2020 | 279 | 0

«Мерседестин» айдоочусу Льюис Хэмилтон Түркияда өткөн «Формула-1» унаа жарышында гран-при алды. Ошентип, Михаэль Шумахердин рекордун жаңырткан Хэмилтон 7-жолу (2008, 2014, 2015, 2017, 2018, 2019 жана 2020) чемпион аталды.

Түркиядагы унаа жарышка «Расинг Пойнт» менен түшкөн Серхио Перес экинчи келди. Ал эми алдыңкы үчтүктү «Ферраринин» айдоочусу Себастьян Феттель жаап, жарыш учурунда 8 позицияны ойноду.

«Формула-1» унаа жарышынын Түркияда өткөн «Сезон-2020» мелдешинин орундары төмөнкүдөй болду:

  1. Льюис Хэмилтон («Мерседес») — 58 айлампа;
  2. Сержио Перес («Расинг Пойнт») +31.633;
  3. Себастьян Феттель («Феррари») +31.960;
  4. Чарльз Леклер («Феррари») +33.858;
  5. Карлос Саинц («Макларен») +34.363;
  6. Макс Верстаппен («Ред Булл») +44.873;
  7. Алекс Албон («Ред Булл») +46.484;
  8. Ландо Норрис («Макларен») +1.01,259;
  9. Лэнс Стролл («Расинг Поинт») +1.12.353;
  10. Даниэл Риккардо («Ренаулт») +1.35.460;
  11. Эстебан Окон («Ренаулт») +1 айлампа;
  12. Даниил Квят («Альфа Таури») +1 айлампа;
  13. Пьер Гасли («Альфа Таури») +1 айлампа;
  14. Вальтер Боттс («Мерседес») +1 айлампа;
  15. Кими Райкконен («Альфа Ромео») +1 айлампа;
  16. Джордж Рассел («Уильямс») +1 айлампа;
  17. Кевин Магнуссен («Хаас») +2 айлампа.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM