Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан каза болгондордун саны 1200дөн ашты

Кыска кабар | 16 Ноя 2020 | 595 | 0

Кыргызстанда 16-ноябрга карата COVID-19 илдетинен дагы төрт бейтап каза болду. Анын экөө Бишкек шаарында, экөө Талас облусунда катталды.

Өлкөдө пандемия башталгандан бери 1203 адам коронавирустан көз жумду.

16-ноябрга карата COVID-19 илдетинин 479 жаңы учуру катталды.

-Бишкекте — 169 ;
Ош шаарында — 26;
Чүй облусу – 77;
Ош облусу — 15;
Талас облусу — 23;
Нарын облусу — 1;
Ысык-Көл облусу – 59;
Жалал-Абад облусу – 64;
Баткен облусу — 45 .

Ушуну менен вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 66 миң 983кө жетти.

Акыркы бир сутка ичинде 439 бейтап коронавирустан айыкты. Март айынан бери илдеттен сакайгандардын саны 57 миң 760ка жетти.

Акыркы сутка ичинде айыккандардын эң көбү Бишкекте катталды:

-Бишкек – 104;
-Ош шаары – 17;
-Чүй облусу – 53;
-Ош облусу – 39;
-Талас облусу – 15;
-Нарын облусу – 2;
-Ысык-Көл облусу – 42;
-Жалал-Абад облусу – 83;
-Баткен облусу – 84 адам айыкты.

Copyright © 2017 Maral FM