Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Өзбекстандан гуманитардык жардам келди

Кыска кабар | 15 Ноя 2020 | 622 | 0

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында Бишкекке кезектеги гуманитардык жүк келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Гуманитардык жүктү кабыл алууга вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов катышты.

Эльвира Сурабалдиева өзбек тарапка COVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча чаралардын алкагында көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Медициналык жүктүн номенклатурасы: бир жолку кол каптар — 100 миң даана, бир жолку коргоочу комбинезондор — 10 миң даана, коргоочу көз айнектер – 2 миң даана, бир жолку бет каптар – 100 миң даана, «Гепарин» 5 мл – 1 миң куту, «Ремдесевир» – 5 миң таңгак, COVID-19 вирусунун алдын алуу үчүн медициналык топтом – 10 миң даана, COVID-19 вирусун аныктоо үчүн тест –  10 миң даана, натрий хлор 100 мл – 4 миң даана, бир жолку шприцтер – 60 миң даана, тамчылатуучу тутумдар – 20 миң даана.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM