Биз менен байланышыңыз

16-ноябрда Бишкекте кар жаайт

Кыска кабар | 15 Ноя 2020 | 403 | 0
Сүрөт: Алишер Алиев

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 16-ноябрда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас облусунун көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2 … -7, күндүз -2 … 3;

Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…1;

Жалал-Абад, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн -4 … 1, күндүз 3 … 8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1 … -6, күндүз 2 … 7;

Нарын облусунда түнкүсүн -5 … -10, күндүз -1 … 4 градус жылуу.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -2 … -4, күндүз 1 … 3 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM