Connect with us

2021-жылдан тартып пенсияны 7 %га көбөйтүү маселеси каралууда

Кыска кабар | 15 Ноя 2020 | 732 | 0

2021-жылдан тартып пенсияны 7 %га көтөрүү маселеси каралууда. Бул үчүн мамлекеттик казынадан 3 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтына жарыяланды.

Буга чейин социалдык тармактарда «Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 2020-жылдын 1-декабрынан тартып пенсияны 65 %га — 5723 сомдон 9443 сомго көтөрүү жөнүндө буйрукка кол койду» деген маалымат тараган. Бул маалыматтын жалган экенин Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын январь-сентябрь айларынын пенсия жана жөлөк пулу үчүн 39 млрд 488.6 млн сом, ал эми октябрь айында 4.1 млрд сом берилген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM