Финансы министринин орун басары болуп Мирланбек Байгончоков дайындалды. Тиешелүү буйрукка, кечээ, 14-ноябрда премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.
Байгончоков бул кызматты 2010-жылдан 2019-жылдын июль айына чейин аркалап, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен кошо отставкага кеткен болчу.