Коронавируска каршы күрөштүн алкагында Орусия кыргыз өкмөтүнө 500 комплект ПЧР-тест системасын жөнөттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Үсөнбаев баштаган делегациянын өкүлдөрү Орусиядан келген жүктү «Манас» эл аралык аба майданынан тосуп алышкан.
«500 комплект ПЧР-тест системасы 50 миң лабораториялык изилдөөгө жетет. Бүгүнкү оор эпидемиологиялык кырдаалда колдоо көрсөткөн Орусияга ыраазычылыгыбызды билдиребиз», — деди Үсөнбаев.