Биз менен байланышыңыз

Жапаров айыл чарба кызматкерлерин майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 14 Ноя 2020 | 421 | 0

Премьер-министр Садыр Жапаров айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ал өз кутуктосунда белгилегендей, кактын көбү айылда жер иштетүү жана мал чарбасы менен алектенет, мындан улам чарбасы өлкө экономикасынын негизги тармактарынын бири болуп саналат.

Өкмөттүн социалдык-экономикалык саясаты — аймактарда жашоо сапатын жакшыртуу, экспорттун көлөмүн кеңейтүү жана айыл чарба өндүрүшүнүн рентабелдүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт.

Өкмөтү өлкөнүн агрардык тармагына жеңилдетилген насыяларды берүү, адистештирилген айыл чарба техникаларын лизинг шарттарында берүү, сугат тутумун калыбына келтирүү жана айыл чарбасын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү үчүн зарыл болгон бардык шарттарды түзүүгө багытталган долбоорду ишке ашырып атат.

«Табигый-климаттык татаал шарттарга жана керектүү ресурстардын жетишсиздигине карабастан, республиканын калкын айыл чарба продукциялары менен толук камсыз кылуу үчүн тынымсыз аракет кылып келген фермерлерибизге, дыйкандарыбызга жана кайра иштетүүчү ишканалардын жумушчуларына терең ыраазычылыгымды билдирем. Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, ийгиликтерди, мол түшүм жана жалпы айыл чарба тармагынын өнүгүшүн каалайм», — деп жазылат куттуктоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM