Биз менен байланышыңыз

КУУнун деканы президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Кыска кабар | 13 Ноя 2020 | 439 | 0

Президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына дагы 3 талапкерден арыз түштү. Боршайкомдун маалыматы боюнча, талапкерлердин бири — Анар Зарипова.

Ал 1966-жылы 3-февралда төрөлгөн, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин деканы болот.

Дагы бир талапкер «Дербиш» фондунун директору Куттуумидин Базаркулов БШКга арыз тапшырды. Ал 1968-жылы 23-апрелде төрөлгөн.

Президенттикке катышуу үчүн арыз тапшыргандардын дагы бири Бакыт Романов. Ал 1980-жылы төрөлгөн. Убактылуу иштебейт.

Буга чейин арыз тапшыргандардын тизмеси:

1. Абдыкаар Сыдыков — пенсионер;
2. Адахан Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери;
3. Азамат Эсенбеков — Москва районунун мурдагы акими;
4. Аймен Касенов — РКӨФ башкармасынын мурдагы мүчөсү ;
5. Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) — активист;
6. Бакыт Бакетаев — саясатчы;
7. Бектур Асанов — Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы;
8. Жеңишбек Байгуттиев — «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси;
9. Канатбек Исаев — ЖКнын мурдагы төрагасы;
10. Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын мурдагы судьясы;
11. Кубан Чороев — экономист;
12. Кубанычбек Кадыров — ИИМ башчысынын мурдагы орун басары;
13. Назарбек Нышанов — активист;
14. Нурлан Мотуев — активист;
15. Рашид Тагаев — «Ошгаз» филиалынын мурдагы директору;
16. Сазыкбай Турдумалиев — «Улутман» партиясынын төрагасы;
17.Элеонора Турдубекова — Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы;
18. Садык Шер-Нияз – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
19. Урустам Кабылбеков — Г. Мерцбахер атындагы мөңгүлөрдү сактоо боюнча коомдук экологиялык фонддун президенти;
20. Ильгиз Товкеев – учурда убактылуу иштебейт;
21. Бактыбек Калмаматов – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
22. Жамбылбек Камчиев – куудул.

23. Арсланбек Малиев — Чет өлкөлөр менен кызматташуу жана достук кыргыз коомдорунун бирикмесинин президенти;
24. Токтайым Уметалиева – «Ай-Данек» гезитинин редактору.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM